Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мстислав Иванов менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 16-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, «Даңк» орденинин толук ээси Мстислав Борисович Иванов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы ардагерди 90 жылдык мааракеси менен куттуктап, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине  көңүл бурулбай калбашы үчүн мамлекет бардык күч-аракетин жумшай  тургандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев согуштун ардагерлеринин эрдиги жана каармандыгы кыргызстандыктардын бардык мууну үчүн баатырдыктын жана мекенчилдиктин үлгүсү катары кызмат кылаарын баса белгиледи.

Президент  ошону менен бирге  келерки жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин  70 жылдык мааракесин майрамдоого   мамлекет өзгөчө көңүл  бөлүп, ошол максатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү иш чараларды иштеп чыккандыгын белгиледи.

Каарман ардагер колдоо көрсөткөндүгү үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, согуш тууралуу эскерип, өлкөдөгү  азыркы кырдаал боюнча өз оюн  ортого салды.

Мстислав Ивановго  белектер тартууланып, Президенттик социалдык жактан  коргоо жана колдоо  фондунан  бөлүнгөн 50 миң сом суммасында материалдык жардам көрсөтүлдү.

Маалымдама: Мстислав Иванов  Кызыл Жылдыз, II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери, III, II даражадагы «Даңк»  жана  душмандын тосмосун  талкалап, 69 немис жоокерин туткунга алгандыгы үчүн I даражадагы «Даңк» ордени менен сыйланган.

2014-жыл 16-январь