Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бактыбек Ашировду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 15-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын  төрагасы Бактыбек Ашировду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына кызматтын эки жылдын аралыгында кылмыштардын алдын алуу жана аларды болтурбоо боюнча ишмердигинин жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Бактыбек Аширов  кызматтын ишмердигинде негизги басым экономикалык жана коррупциялык укук бузууларды жасоонун себептерин жана шарттарын жоюуга, орун алган коррупциялык схемаларды бузууга жасалып жаткандыгын маалымдады.

Мындан тышкары Бактыбек Аширов  экономикалык тармактагы кылмыштарды аныктоо боюнча ведомствосунун иштери тууралуу айтып берди. Анын маалыматы боюнча 2013-жылы экономикалык кылмыштын 1093 фактысы аныкталган, келтирилген чыгымдын суммасы 1млрд. 165,7 млн. сомду түзгөн. Укук коргоо органдары тарабынан 700 кылмыш иши козголгон жана 620,2 млн. сом суммасындагы чыгым кайра калыбына келтирилген.

Президент Алмазбек Атамбаев  экономикалык кылмыштарга каршы күрөштү мындан ары улантып, экономикалык жана коррупциялык укук бузууларды аныктап жана жоюу зарылчылыгын белгиледи. Мамлекет башчысы  Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү ишине көлөкө түшүрбөш үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери ар дайым өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарууга тийиш экендигин баса белгиледи.

2014-жыл 15-январь