Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев чек ара маселелери боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 2014-жылдын 14-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана күч түзүмдөрүнүн мамлекеттик чек араларды коргоодогу кырдаал жана чек аралардын коопсуздугу боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматын укту.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле чек арага канатташ жайгашкан райондорду өнүктүрүү боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, чек араларга канатташ участоктордо стратегиялык айланып өтмө автомобилдик жолдордун курулушу, делимитация жана демаркация процессинин жүрүшү тууралуу маалыматтарды укту. Мамлекет башчысына бул иштерди  үстүбүздөгү жылы улантуу боюнча пландар дагы маалымдалды.

Кеңешменин жыйынтыгында Президент Алмазбек Атамбаев чек арага канатташ жайгашкан райондордун жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылууга жана ал аймактардагы элдин турмушун, инфраструктураны жакшыртууга багытталган Өкмөттүн ишмердүүлүгүн активдештирүү боюнча тапшырма берди.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге кеңешменин катышуучуларынын көңүлүн өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин улантуу зарылчылыгына бурду.

2014-жыл 14-январь