Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппарат Жетекчиси Данияр Нарымбаев кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жарадар болгон үч чек арачынын ден соолугун сурап билди

Бүгүн, 2014-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусов кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жарадар болуп, борбор шаардын медициналык мекемелеринде дарыланып жаткан чек арачылар Изат Буйлашов, Кутман Асылбеков жана Алтынбек Токтоматовдун ден соолугун сурап билишти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси аскер кызматчыларынын ден соолугун сурап, тезирээк сакайып кеткиле деген каалоосун билдирди. Ошону менен бирге чек арачыларга Кыргызстандын  мамлекеттик чек арасын  коргоодо көрсөткөн тайманбастыгы жана эрдиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Дарыланып жаткан чек арачылар жана алардын туугандары менен маектешүүдө Данияр Нарымбаев  Мамлекет башчысы канатташ чек аралардын маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бураарын баса белгиледи.

Данияр Нарымбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда жана Улуттук госпиталда дарыланып жаткан үч чек арачыга  материалдык жардам көрсөттү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын 13-январында кол койгон буйругуна ылайык,  Мамлекет башчысынын резервдик фондунан Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылдык аймагындагы окуяда жапа чеккен алты аскер кызматчысынын ар бирине 100 000(жүз миң) сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси ооруканада  чек арачыларга дарыланыш үчүн түзүлгөн шарттары менен таанышып чыкты.

2014-жыл 13-январь