Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев чек аралар канатташ райондордогу жарандардын коопсуздугун жана эл чарбасынын иштешин камсыз кылуу боюнча иштерди улантуу милдетин тапшырды

Бүгүн, 2014-жылдын 13-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев эки мамлекеттин чек арачыларынын ортосунда 11-январдагы курал колдонуу менен окуя болгон кыргыз-тажик чек арасындагы  кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Токон Мамытовдун маалыматын укту.

Токон Мамытов Мамлекет башчысына чек арада кырдаалды салыштырмалуу  турукташтыруу жана окуя болгондон кийин Өкмөт тарабынан кабыл алынган чаралар жана чечимдер туурасында маалымат берди.

Мындан ары курал колдонуу менен кагылышууга жол бербөө максатында жүргүзүлүп жаткан иштер, чек арадагы окуянын бардык жагдайларына байланыштуу тажик тарап менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр  тууралуу маалымдады.

Президент өлкөнүн чек аралар канатташ райондордогу Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана  ал аймактарда эл чарбасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча  мамлекеттик органдарынын иштерин уланта берүүнүн зарылчылыгын белгиледи.

 

2014-жыл 13-январь