Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 8-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына 2013-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары, ошондой эле 2014-жылдагы негизги финансылык документтин көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев бюджеттин так аткарылышы, анын киреше бөлүгүн оперативдүү жана өз учурунда камсыз кылуу зарылчылыгы тууралуу баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге министрдин көңүлүн бюджеттин чыгымдарынын натыйжалуулугун жана финансыларды башкаруунун сапатын жогорулатуу зарылчылыгына бурду.

2014-жыл 8-январь