Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 9-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Мамлекет башчысына кыш мезгилин  ийгиликтүү өткөрүү жана өлкөнүн энергетикалык системасынын абалы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Осмонбек Артыкбаев энергетикалык секторду өнүктүрүү боюнча пландарды, жаңы кубаттуулуктарды  ишке киргизүү, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелерди талкуулашты.

2014-жыл 9-январь