Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстан элин Жаңы жылдык куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Жаңы жылды тосуу көпчүлүгүбүз үчүн өзгөчө сүймөнчүк майрам. Бул күнү баарыбыз толкунданып Жаңы жылдын келишин күтөбүз. Мен да азыр бала кезимдегидей толкунданып, жүрөгүм үмүткө толуп турат.

Айрым учурларда жашоо адамды катуу сынайт. Бул адам жеңил жолго алданып, арам ойго алдырып, тилегин сатып коёбу деп сынайт. Бирок, ак жолуңда бекем турсаң, оор сыноолордо да сынбасаң, анда тилегиң сөзсүз орундалат. Эч качан жакшылыктан үмүт үзбөш керек. Тилектен тайбаш керек. Жамандыкты амандык жеңет.Мен муну так билем.

Биз азыр эски жылга ыракмат айтып, аны менен коштошобуз. Кетип бараткан жыл оңой болгон жок. Далай кыйынчылыктардан, сыноолордон өттүк. Бирок, кандай болсо да Кыргызстан жаңы баскан балага окшоп бутуна турду. Чыныгы эгемендүүлүккө карай биринчи кадамдарды жасады.

Бул кадамдардын натыйжасында өлкөбүздүн экономикасында жылыштар башталды. Өткөн жылдын жыйынтыгын алсак, Кыргызстан ички дүң продукциясынын өсүшү боюнча шериктеш өлкөлөрдүн баарынан ашып, биринчи болду.

Өлкөбүздө ГЭСтер курулуп, ТЭЦтер оңдолуп, ЛЭПтер курулуп жатат. Ар бир региондо  заңгыраган жолдор салынып жатат. Айыл чарбасында, суу чарбасында ири долбоорлор башталды. Аскердик реформа да эки-үч жылдын ичинде жемишин берет.

Эң башкысы – элибиз, коомубуз өзгөрүп, тазаланабаштады. Урууну ойлобой – улутту ойлогондор, коктусун ойлобой – коомду ойлогондор көбөйүп баратат.

Эл бузарларды эрчибей, жол тосоорлорду жолотпой, ууруну коргобой улутту коргогондор көбөйүп баратат.

Урматтуу мекендештерим!

Жараткан Кыргызстанды колдосун. Элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин. Бул баарыбыздын тилегибиз. Бул тилегибизден кайтпайлык! Бул тилегибизди сатпайлык!

Ар кайсы жактан мекенибизди “хан болом”, “бай болом” деп тытмалабай, - ар бирибиз мекенибизге жардам берелик! Анткени биз башка жерде бактылуу боло албайбыз. Кыргызстан жок болсо, кыргыз жок болот! Биздин келечек – биримдикте. Манас-атабыздын: “Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө!” – деген насаатын унутпайлык.

Бириксек – бардык нерсе колдон келет! Тилектердин бардыгы орундалат!

Мекендештерим менин!

Жаңы жылда баарыңыздарга чың ден-соолук, бакты-таалай каалайм!

Жүрөгүңөрдө дайыма жакшылык толуп турсун! Үмүт өчпөй, дайыма жанып турсун!

Кудай колдоп, ойлоруңар орундалсын! Жаратканым элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

Жаңы жылыңыздар менен!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                             Алмазбек Атамбаев”.



2013-жыл 31-декабрь