Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу бажы кызматынын кызматкерлери!

Бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бажы кызматы Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү. Мамлекеттин   бакубатчылыгы жана туруктуулугу  көбүнесе  сиздердин ишиңиздерге байланыштуу болот.

Акыркы 3,5 жылдын аралыгында  бажы системасын башкарууну түп тамырынан бери өзгөртүп, коррупциянын алдын алуу жана жоюу боюнча жигердүү иш жүргүзгөндөн  улам  бажы жыйымдары дээрлик 3 эсеге  көбөйдү. Мына ушунун өзү сиздердин  ишиңиздердин натыйжалуулугунун өсүшүнүн жана бажылык коштоонун сапатынын жогорулашынын жакшы  далили.

Бир топ иштер жасалды, алдыда болсо бийик максаттар турат. Мыйзамдуулукту сактап, өлкөнүн келечеги, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо ишине зор салымыңыздарды кошосуздар деп терең ишенем.

Бардыгыңыздарга ийгилик, чың ден соолук, бакубатчылык жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм!

Кыргыз Республикасынын       

Президенти                                                                Алмазбек Атамбаев"

2013-жыл 31-декабрь