Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевден Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге жана Кыргызстан элине Жаңы жыл менен куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу  Алмазбек Шаршенович,

Жаңы жылга байланыштуу чын дилимен чыккан куттуктоолорду кабыл алыңыз!

Узап бара жаткан жыл  Россия менен Кыргызстандын союздаштык жана өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоого, соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана башка тармактарда жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө эки тараптан тең  умтулуусун ырастады.

2014-жылы биргелешкен  масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу  улантылаарына ишенем. Өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыктары  үчүн көп пландуу өз ара пайдалуу кызматташууда жаңы чектерге жетишебиз.

Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук, бакыт-таалай жана Сиздин мамлекеттик ишмердигиңизге жаңы ийгиликтерди, Кыргызстандын бардык жарандарына   - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Терең урматтоо менен,

Дмитрий Медведев”

2013-жыл 30-декабрь