Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевден Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге жана Кыргызстан элине Жаңы жыл менен куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу  Алмазбек Шаршенович,

Сизди  келе жаткан 2014 - Жаңы жылыңыз менен чын дилимден куттуктайм!

Терең тарыхый тамырга ээ болгон элдерибиздин ортосундагы салттуу достук мамилелер азербайжан-кыргыз кызматташуусунун динамикалуу   өнүгүүсүнө  өбөлгө түзүп, мындан ары дагы чыңдалып  жана өнүгө берет деп ишенем.

Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, жана сиздин үй-бүлөңүзгө чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди,  Кыргызстандын дос элине – тынчтык жана  бакубатчылык каалайм.

Урматтоо менен,

Ильхам Алиев”

2013-жыл 30-декабрь