Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинге Волгограддагы жардырууларга байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Волгоград шаарындагы жардырууларга байланыштуу көңүл айтты.

Телеграммада мындай деп белгиленет:

“Урматтуу Владимир  Владимирович!

Адамдардын өмүрүн алып кеткен 29-30 декабрдагы Волгограддагы жардыруулар  тууралуу  суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Чын дилимден чыккан  колдоо көрсөтүү жана көңүл айтуу сөздөрүмдү кабыл алып, каза тапкандардын туугандарына жана жакын адамдарына көңүл айтуумду,  теракттын  натыйжасында жапа чеккендердин баардыгы тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду  өтүнөм.

Терең кайгыруу  менен,

Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 30-декабрь