Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинден Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге жана Кыргызстан элине Жаңы жыл менен куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу  Алмазбек Шаршенович,

Сизди келе жаткан Жаңы жылыңыз менен чын дилимден куттуктайм.

Узап бара жаткан жыл Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер үчүн  ийгиликтүү  болду. Бишкектеги жана Сочидеги  биздин жолугушуулар   негизги тармактарда өндүрүмдүү кызматташууну кеңейтүүгө, евразиялык мейкиндиктеги  түрдүү көп тараптуу форматтарда өз ара мамилени чыңдоого өбөлгө түздү

Келе жаткан жылы  кыргыз-россиялык байланыштар  мындан ары дагы  союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн  маанайында активдүү өнүгөөрүнө ишенем.

Сизге, сиздин туугандарыңызга жана жакын адамдарыңызга ден соолук, бакыт-таалай жана көптөгөн ийгиликтерди, Кыргызстандын дос элине  - тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Урматтоо менен,

Владимир Путин”

2013-жыл 30-декабрь