Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте Президенттин катышуусу менен балдарга арналган жаңы жылдык балаты өткөрүлдү

Бүгүн, 2013-жылдын 26-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз улуттук Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөрүлгөн балдарга арналган жаңы жылдык балатыга катышты.

Жаңы жылдык балатыга республикабыздын бардык булуң-бурчунан 800 бала чакырылган. Алардын арасында окуунун отличниктери, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, ден соолугу аялуу балдар бар.

Майрамдын кичинекей катышуучуларына балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунун «Шаттык» элдик үлгүлүү хореографиялык ансамблдын,  «Байчечекей» фольклордук-этнографиялык ансамблдын жана «Ак Шоола» театрлаштырылган балдар хорунун тарбиялануучулары даярдаган жаңы жылдык майрамдык программа тартууланды.

Президент өз сөзүндө балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, ден соолук, бакыт-таалай жана окуудагы ийгиликтерди каалады. “Кичинекей досторум, мен сиздерге кааларым – максатыңардан  кайра кайтпагыла. Кыялым  сөзсүз ишке ашат деп ишенгиле. Мен ар дайым максатыма жетээриме ишенчүмүн, талбаган эмгек, жакшы окуу аркылуу жетүүгө болоорун билчүмүн. Турмушта азыр биз көргөн жомок сыяктуу эле.  Анда жакшылык да,  жамандык дагы болот. Эгерде силер жакшылыкка ишенсеңер, туура жолдон тайбасаңар, акыры бир күнү алдыга койгон максатыңарга жетесиңер. Ниетиңерди таза кармап, алдыга ишенимдүү кете берсеңер, мага ишенип койгула, кыялыңар сөзсүз ишке ашат. Максатыңарга  чындап ишенгиле, жакшы адамдардан болгула”,- деди Мамлекет башчысы.

Мамлекет башчысы ден соолугу аялуу балдарга кайрылып, эрктүү болууга, кыйынчылыктарга моюн сунбай, турмушта алдыга койгон бардык максаттарына жетээрине ишенүүгө чакырды.

Жаңы жылдык майрамдын соңунда ар бир катышуучу балага Президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосу менен коштолгон китеп жана түрдүү таттуулар таратылды.

2013-жыл 26-декабрь