Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Мурадыловдордун үй-бүлөсүндө жашаган ардагер Григорий Чалов менен жолугушту

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери үйүнөн ажырап көчөдө калып, коомдук транспортто жашаганга мажбур болгон окуя коомчулукта терең нааразычылык жаратты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында  дыкат териштирүүнүн  негизи болуп калды.

Ошол эле кезде Мурадыловдордун ардагерди  үйүнө киргизип  багып алганы  жана аны үч жылга жакын карагандыгы, ошондой эле эч жакка кайрылбагандыгы  - үй-бүлөнүн жөнөкөйлүгү сый-урматка татыктуу. Бул окуя ЖМК жарыялангандыгына байланыштуу жыйынтыгында кеңири коомчулукка белгилүү болду.

Мамлекет башчысынын тапшырмасы  боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Мурадыловдордун үй-бүлөсүнө барып, үч жолку Кызыл Жылдыз орденинин ээси Григорий Гаврилович Чалов менен жолугушту.

Данияр Нарымбаев ардагерге узун өмүр каалап, Кубат жана Гүлжан Мурадыловдорго алардын жасаган жакшы иши үчүн ыраазычылык билдирди. Президенттин Аппаратында бул окуянын катышуучуларына көмөк көрсөтүү боюнча чечимдердин  түрдүү варианттары иштелип жаткандыгы тууралуу маалымдады.

2013-жыл 26-декабрь