Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 25-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарына иш сапарынын алкагында «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту.

Жолугушууда компаниянын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жана өлкөнүн энергетикалык секторуна жумшай турган инвестициялары тууралуу маселелер  талкууланды.

Алексей Миллер компаниянын инвестициялык программасын эске алуу менен Кыргызстандын газ секторун өнүктүрүү пландары жөнүндө айтып берди. "Мурда Газпром Кыргызстандын ушул энергетикалык секторуна 20 млрд. россиялык рубль (655 миллион АКШ доллар) салаары боюнча макулдашуу жетишилген”, деп белгиледи «Газпромдун» башчысы.

«Газпромдун» максаттарынын бири Кыргызстанга газ көз карансыздыгына жетүүгө көмөктөшүү, ошого байланыштуу компания өзүнүн инвестициялык милдеттенмелеринин алкагында өлкөнүн аймагында жаратылыш газдын кендерин чалгындай баштайбыз деп болжолдоодо. Ошондой эле, «Газпром» өзүнүн инвестициялык программасынын жыйынтыгында Кыргызстандын газ рыногунун өнүгүү перспективаларын жакшы  деп баалайт.    

"Биз Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болобуз", - деди «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын «Газпром» менен кызматташуусу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн жана энергетикалык көз карансыздыкка жетүүнүн маанилүү бөлүгү экендигине ишеним билдирди.

2013-жыл 25-декабрь