Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана кошулат”

Бүгүн, 2013-жылдын 24-декабрында Москва шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумуна катышты.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун жана Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусундагы отурумда Кыргызстандын жогору аталган үч мамлекеттин Бажы союзуна кирүүсү боюнча «жол картасынын» долбоору каралды.

Президент Алмазбек Атамбаев, отурумда сүйлөп жатып, Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана кошулаарын баса белгиледи. Ошого байланыштуу «жол картасын» бекитүүдө кыргыз тарабынын бардык сунуштары эске алынышы керек.

Бажы союзунун мүчө-мамлекеттеринин Президенттери Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин позициясын колдоорун билдиришти. Эксперттик топко «жол картасын» кыргыз тараптын позициясын эске алуу менен даярдоо ишин улантуу тапшырылды.

2013-жыл 24-декабрь