Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумуна катышат

Бүгүн, 2013-жылдын 24-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумуна катышуу максатында Москва шаарына учуп  кетти.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Президенттеринин катышуусу менен Кыргызстандын евразиялык интеграциялык түзүмдөрүнө кирүүсү боюнча “жол картасын” даярдоо маселеси каралышы болжолдонууда.

2013-жыл 24-декабрь