Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев улуттук коопсуздук органдарынын 95 жылдыгына арналган салтанаттуу аземге катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 20-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн улуттук коопсуздук органдарынын 95 жылдыгына арналган салтанаттуу аземге катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында өткөрүлдү.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин иши мамлекеттин турмушунда зор мааниге ээ экендигин белгиледи. “1918-жылдын 20-декабрында Пишпек эл депутаттарынын кеңешинин токтому менен Өзгөчө тергөө комиссиясы түзүлгөн. Ал жылдары улуттук коопсуздук органдары, бүткүл өлкө сыяктуу, өнүгүүнүн татаал жолун басып өттү. Эрдиктер да, каармандыктыр да, аны менен бирге кайгылуу жана кейиштүү учурлар да болду”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук жана өлкөнүн келечеги негизинен УКМКнын кызматкерлеринин ишинин сапатына көз каранды экендигин баса белгиледи. “Атайын кызматтар - мамлекеттик бийликтин кареги. Сиздердин ишмердүүлүгүңөр Кыргызстандын ички жана тышкы коопсуздугуна, эгемендүүлүгүнө жана территориалдык  бүтүндүгүнө багытталган. Эл аралык терроризмге каршы, уюшкан кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга, баңгизаттрафигине, диний экстремизмге, улутчулдукка жана регионализмге каршы күрөштүн натыйжалуулугу сиздердин ишиңиздерге байланыштуу. Ушул милдеттерди аткарууда УКМК кызматкерлери  мекенчилдигин, чынчылдыгын жана акыйкатчылдыгын  көрсөтүүгө тийиш”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошону менен  бирге УКМК кызматкерлери коррупциянын себептерин жана фактыларын аныктоодо  бир топ түйшүктүү жана тыкыр иш жүргүзүүгө тийиш экендигин белгиледи. “Мыйзамды бузган ар бир адам тиешелүү жазасын алууга тийиш. Биз мына ушуга жетишишибиз керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы мамлекет тарабынан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине  көрсөтүлгөн колдоону күчөтүп, аларды социалдык кепилдикке алуунун деңгээлин жогорулатуунун зарылчылыгын баса белгиледи. Алмазбек Атамбаевдин сөзү боюнча мамлекет  өлкөдө  тартиптин жана мыйзамдуулуктун сакчылыгында турган  күч блогуна  карата мамилесин  түп тамырынан бери өзгөртүп жатат.

Мамлекет башчысы  УКМК кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, “чың ден соолук, бакубатчылык, татаал жана түйшүктүү ишине ийгилик” каалады.

Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын артыкчылыкка жетишкен кызматкерлерине белек катары президенттик сааттарды тапшырды.

2013-жыл 20-декабрь