Бүгүн, 2013-жылдын 16-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын жыйынтыктарына жана президенттигинин эки жылдыгына арналган басма сөз конференциясын өткөрдү.
Басма сөз конференциясында ата мекендик жана Кыргызстанда катталган чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.“Суроо-жооп” форматында өткөрүлгөн иш-чара эки сааттан ашуун созулду.
Мамлекет башчысы журналисттердин 60 ашуун суроолоруна жооп берди.