Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 2013-жылдын 29-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук  тартипти сактоону, кылмыштуулукка каршы күрөштү камсыз кылуу  боюнча көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматтарын укту.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө тартипти жана стабилдүүлүктү сактоо боюнча укук коргоо органдары ырааттуу иш жүргүзүп, катуу чараларды  көрүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.

2013-жыл 29-ноябрь