Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын катышуучулары менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 15-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз каганатынын Борбордук Азияда түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында» эл аралык II илимий конференциясынын катышуучулары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларына кыргыздардын жана Кыргызстандын элинин тарыхын  изилдөө жана эл арасына кеңири таратуу ишине кошкон  зор салымы үчүн  ыраазычылык билдирди.

Президент өткөн тарыхын билүү - элдин биримдигин жана ынтымагын чыңдоону карай  кеткен жол экендигин баса белгиледи. “Тарыхты изилдөө аркылуу көп элдердин жана этностордун жакындыгын түшүнсө болот. Өткөн тарыхты урматтоо мамлекетти куруунун маанилүү шарты болуп саналып, элдердин биримдигин чыңдоого тийиш”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошондой эле өткөн жылдагы конференциянын жыйынтыктары боюнча айрым изилдөөчүлөр тарабынын жарыяланган илимий иштери менен таанышкандыгын айтты. Президент азыркы конференция башка өлкөлөрдөн келген белгилүү изилдөөчү-түркологдор, кыргыз таануучулар катышкандыгы менен айырмалангандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев  мындай  илимий иштерди улантуу зарыл экендигин, ал эми конференцияны жыл сайын өткөрүү керектигин  баса  белгиледи.

Өз кезегинде катышуучулар Мамлекет башчысына Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө адистешкен түрдүү өлкөлөрдүн окумуштуулары менен изилдөөчүлөрүнүн ортосундагы интеллектуалдык сүйлөшүүнүн жана кызматташуунун эл аралык платформасы болуп калган  мына ушундай маанилүү иш-чараны  өзүнүн жеке колдоосу менен уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Жолугушууда Азербайжандын, Венгриянын, Германиянын, Кытай Эл Республикасынын, Россиянын, Түркиянын жана Өзбекстандын окумуштуулары, Кыргызстандын бардык региондорунун университеттеринин өкүлдөрү катышты.

Маалымат үчүн: 2013-жылдын 15-16-ноябрында, Бишкекте Кыргыз каганатынын Борбордук Азияда түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында» эл аралык II илимий конференциясы өтүп жатат.

 

2013-жыл 15-ноябрь