Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын парламенттик делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 15-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, КМШ, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш иштери боюнча комитетинин Төрагасы Леонид Слуцкий башында турган РФ парламенттик делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамлекеттер жана парламенттер аралык деңгээлдеги кызматташуунун ар кандай маселелери талкуланды.

Тараптар парламенттер аралык деңгээлде өткөрүлүп жаткан активдүү биргелешкен ишти, анын ичинде кыргыз-россиялык ички мамлекеттик процедуралардын өз убагында аткарылышын ошондой эле ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн канааттандыруу менен белгилешти.

Жолугушууда өлкөлөрдүн миграциялык тармактагы, ошондой эле маданий-гуманитардык багыттагы байланышына тиешелүү кызматташтык боюнча маселелер каралды.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Россиянын көп жылдан берки байланышын белгилеп,  Россияда жашап, эмгектенген кыргызстандыктарга стратегиялык өнөктөштүктүн статусуна шайкеш келген деңгээлде жагымдуу шарттарды түзүп берүү зарылчылыгына көңүл бурду.

Өз кезегинде РФ Мамдумасынын депутаттары бул маселенин маанилүүлүгүн белгилеп, анын парламенттик деңгээлде чечилишине көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти.

Жолугушууга ошондой эле Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Крутько, Комитет Төрагасынын биринчи орун басары (КПРФ фракциясы) Владимир Никитин, Комитет Төрагасынын биринчи орун басары (“Единая Россия” фракциясы) Олег Лебедев, Комитет Төрагасынын орун басары (“Справедливая Россия” фракциясы) Татьяна Москалькова, Комитет мүчөсү (“Справедливая Россия” фракциясы) Джамаладин Гасанов, Комитет мүчөсү (КПРФ фракциясы) Борис Комоцкий, Комитет мүчөсү  (“Единая Россия” фракциясы) Ирина Роднина, Комитет мүчөсү (КПРФ фракциясы) Владимир Симагин, Комитет мүчөсү (ЛДПР фракциясы) Владимир Таскаев, Комитет мүчөсү (“Единая Россия” фракциясы) Роберт Шлегель, Мамлекеттик Думанын Төрагасынын кеңешчиси Михаил Кротов, Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын жетекчисинин орун басары Анатолий Фоменко, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Делегация Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети менен Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин биргелешкен жыйынына катышуу үчүн келген.

Мындан тышкары, РФ Мамдумасынын депутаттары “Чыңгыз Айтматов жана анын “Ысык-Көл форуму”: маданият диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу” эл аралык форумунун ишине катышат.

2013-жыл 15-ноябрь