Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Көпчүлүгүбүз айылда, элет жеринде туулуп өскөнбүз. Бала кезибизден дыйкандын түйшүгүн тартып, жеген наныбыздын баркын билип, жер-энени, карапайым күжүрмөндү урматтоого үйрөндүк.  

Совет доорунда республикабызда айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Аталарыбыздын  маңдай тери, ак эмгеги менен миңдеген гектар жерлер өздөштүрүлүп, мал чарбачылыгы, кайра иштетүү тармагы дүркүрөп өнүккөн. Тилекке каршы, эгемендик жылдарында көп нерседен кол жууп калдык. Кыргызстан айыл чарба азыктарын экспорттоочу мамлекеттен импорттоочу өлкөгө айланды.

Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн бардык шарттары бар өлкөдө жашап туруп, четтен жада калса алма сатып алуу – бул уят. Керектөөчүгө жетпей эле түшүмдүн бир бөлүгү жараксыз болуп калганы андан дагы уят.

Кымбаттуу достор!

Мындай кырдаалды өзгөртпөсөк болбойт. Жакынкы жылдарда Кыргызстан өзүн таза жана сапаттуу азыктар менен камсыздап,  аны сыртка саткан мамлекетке айланууга тийиш. Албетте, бул иш көп күч-аракетти жана мамлекеттик колдоону талап кылат. 

Акыркы жылдары бул багытта бир катар кадамдар жасалды.  Элеттиктерге жалпы көлөмү 3,1 млрд.сомду түзгөн жеңилдетилген кредиттер берилди. Дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо максатында 14 үрөнчүлүк чарба түзүлүп, аларга 94 даана трактор жана комбайн берилди. Жакында эле райондук суу чарба мекемелерине 288 даана атайын техника сатылып алынды.  Кыргызстандын асыл тукум чарбаларын колдоо үчүн 407 даана техника берилет. Өлкөбүздү туруктуу өнүктүрүүнүн Стратегиясында – жылына 10 000 гектар сугат жерди пайдаланууга киргизүү милдети коюлган. Анын натыйжасында жаңы дыйкан чарбалары түзүлөт, миңдеген жумушчу орундар пайда болот.

Урматтуу достор!

Аткара турган иштерибиз арбын. Негизгиси – өзүбүзгө, өз күчүбүзгө гана ишенип, талыкпай эмгектенип, жаратмандык жолуна түшүү абзел!

Дагы бир ирет кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Элет жериндеги бардык күжүрмөндөргө чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм!

Кыргыз Республикасынын        

Президенти                                                                                         Алмазбек Атамбаев

2013-жыл 15-ноябрь