Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин «Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форуму»: маданияттардын диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу» эл аралык форумдун катышуучуларына кайрылуусу

Кайрылуунун тексти:

“Урматтуу «Чыңгыз Айтматов жана анын “Ысык-Көл форуму”: маданияттардын диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу” эл аралык форумдун катышуучулары!

Ардактуу меймандар!

Меймандос кыргыз жергесине – улуу жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун мекенине кош келипсиздер!

Эл аралык форум биздин атактуу жердешибиздин 85 жылдык мааракесине арналгандыгы абдан жакшы жөрөлгө. “Манас” эпосу менен Чыңгыз Айтматов  - кыргыз элинин сыймыгы жана символдору.

Залкар  жазуучунун чыгармачылыгы коомдук ишмердиги менен тыгыз байланышта болгон. Жазуучу замандын эң курч маселелери боюнча көптөгөн ойлорун ортого салып, жаратылышка аяр мамиле жасоого, маданият эстеликтерин коргоого чакырган. Тынчтыкты коргоо, достукту жана  улуттар аралык ынтымакты чыңдоо үчүн күрөшкөн.

Чыңгыз  Айтматов таланты менен, өз эмгеги менен дүйнөнүн бардык элдеринин урматына ээ болду. Анын чыгармалары дүйнөлүк адабияттын мурасы катары жалпы адамзаттын кенчине айланды. Залкар жазуучу  жараткан көркөм дүйнө жалпы кыргыз маданиятынын  - кинонун, театрдын, музыканын, балеттин өнүгүп өсүшүнө жакшы таасирин тийгизген.

 Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун коомдук ишмердигинин эң таасын мисалы – “Ысык-Көл форумун” түзгөнү. Айтматов чыгаан, кайдыгер болбогон адамдарды таап, ишке тартуу жагынан өзгөчө касиети бар эле. Форумга ысымы ааламга белгилүү жазуучулар, окумуштуулар, композиторлор, актерлор, сүрөтчүлөр чогулган.

Тилекке каршы, Чыңгыз Төрөкулович азыр арабызда жок. Бирок биз, кыргызстандыктар, улуу сөз чеберинин талантынын күйөрмандары Чыңгыз Айтматовго терең таазим этип, “Ысык-Көл форуму” сыяктуу жакшы саамалыктарын сактап, андан ары улантууга милдеттүүбүз.

Бул форум улуу жазуучунун чыгармачыл мурастарын мындан ары терең изилдөөгө жол ачат. Тарыхы да, келечеги да бир болгон өлкөлөрүбүздүн маданий-гуманитардык тармактагы кызматташуусунун өнүгүүсүнө түрткү болот деп ишенем.

Форумдун катышуучуларына үзүрлүү иш-аракет,  чыгармачылык изденүү жана ийгилик каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                      Алмазбек Атамбаев

 

2013-жыл 14-ноябрь