Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттыкты сактоо министри Динара Сагимбаеваны кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдые 13-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Динара Сагимбаеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Президентке медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткан саламаттыкты сактоо системасындагы реформа тууралуу маалымат берди.

Саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасынын, материалдык-техникалык базасынын эскириши, квалификациялуу кадрлардын, өзгөчө өлкөнүн алыскы региондорундагы жетишсиздиги учурда  саламаттыкты сактоо секторундагы негизги проблемалар катары белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттыкты сактоо секторунда медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган реформаларды улантуунун маанисин белгиледи.

Мамлекет башчысы   топтолгон проблемаларды чечүүгө жана өлкөдө медицинаны өнүктүрүүгө олуттуу тоскоолдук кылып, калкка көрсөткөн медициналык кызматтын сапатын начарлаткан системадагы коррупцияны жоюуга министрлик бардык күч-аракетин жумшоого тийиш экендигин баса белгиледи.

2013-жыл 13-ноябрь