Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугунун айыл чарба министри Фахад бин Абдуррахман бин Сулейман Бельгунаймды кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 24-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугунун айыл чарба министри Фахад бин Абдуррахман бин Сулейман Бельгунаймды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелер активдешип жаткандыгына канааттангандыгын билдирди.

Президент айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө мамлекеттер аралык байланыштардын приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

Өз кезегинде Сауд Аравиянын айыл чарба министри анын сапары Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы айыл чарба тармагындагы мамилелерин өнүктүрүүгө багытталгандыгын белгиледи.

Жолугушууга ошондой эле Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасынданы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммед Аль-Жума, Сауд Арабия Королдугунун Айыл чарба министрлигинин элеваторлор жана тегирмендер боюнча башкы башкармалыгынын башкы директору Валид Бин Абделькарим Аль-Хурайжи, Сауд Аравия Королдугунун Айыл чарба министрлигине караштуу айыл чарбаны өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин төрагасы Абдулла Бин Сулайман Аль-Рубайан, Сауд Аравия Королдугунун айыл чарба министринин орун басары доктор Халед Бин Мухаммад Аль-Фухайд жана Сауд Аравия Королдугунун айыл чарба министринин аппаратынын башкаруучусу Мишаль Бин Абдалла Аль-Шазрий катышышты.

 

2013-жыл 24-октябрь