Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Бишкек шаарынын 135 жылдыгы менен куттуктоосу

Бүгүн, 2013-жылдын 28-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Бишкек шаарынын 135 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан борбордун тургундарын Шаардын күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу Бишкек шаарынын жашоочулары жана меймандары!

Бүгүн биз эгемендүү Кыргызстандын борбору -  Бишкек шаарынын 135 жылдыгын белгилеп жатабыз. Эгемендүүлүк жылдары өлкөбүз, элибиз менен бирге баш калаабыз да далай сыноолорду баштан кечирди.

Бүгүнкү күнү деле Бишкек көп кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат. Учурда Бишкек чоң социалдык милдетти аткарууда. Эгемендүүлүк жылдары ички миграциянын натыйжасында Бишкектин айланасында 48 жаңы конуш түзүлгөн. Жаңы конуштарда жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды куруу, жашоочуларды электр энергиясы, таза суу менен камсыздоо маселелери турат.  Ошол эле учурда Бишкек өзү тапкан каражаттын чакан гана бөлүгү баш калаабыздын өз керектөөсүнө калтырылат.

Урматтуу бишкектиктер!

Бүгүн гана, 22 жыл өткөн соң, ондогон жылдар бою топтолуп, көйгөй жараткан маселелерди чечүүгө мажбур болуп жатабыз. Бишкекти жылуулук жана электр менен  үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн шаардын ТЭЦин толук реконструкциялоо жана жаңы подстанцияларды куруу иштери башталат. Бул ишти каржылоо маселеси чечилди. Көп жылдардан бери алгачкы ирет Бишкек шаарыбыз мамлекеттен олуттуу каражат алды. Ошонун эсебинен Бишкекте масштабдуу курулуш иштери жүрүп жатат. Шаардын жолдору капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңы мектептер, социалдык-маданий объектилер курула баштады.

Кымбаттуу бишкектиктер!

Бишкек бүт өлкөгө ар дайым толеранттуулуктун, жогорку маданияттын жана билимдин үлгүсү болуп келген. Баш калаабызда эч качан адамдарды диний көз карашы, улуту же уруусу боюнча бөлүүгө жол берилген эмес. Борборубузда ар бир адам бирдей укукка жана милдетке ээ болгон. Бул байлык бир нече муундардын эмгегинин натыйжасы. Мына ушул  байлыгыбызды  сактап калалы.

Биз бардыгыбыз жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүүгө тийишпиз. Кичи мекенибиз кайда болбосун, ар бирибиз өз шаарыбызды баалап, кадырлаганга үйрөнөлү. Бишкек - бул баарыбыздын үйүбүз. Эгерде ар бирибиз өз үйүбүз, өз көчөбүз үчүн жоопкерчиликтүү болсок, Кыргызстандын биримдигин жана бүтүндүгүн, тынчтыкты жана туруктуулукту сактап калабыз. Жардам гана күтпөстөн, ар бирибиз  борбор калаабызга, көчөбүзгө, коңшүларыбызга пайдалуу иш жасаганга аракеттенсек.

Урматтуу шаардыктар!

Дагы бир ирет Бишкектин күнү менен куттуктайм! Мен элибиздин, Кыргызстандын, Бишкектин жаркын келечегине терең ишенем. Урпактарыбыз сыймыктангыдай шаарларды, жаңы Кыргызстанды курабыз.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт таалай жана ийгилик каалайм. Кыргызстандын борбору Бишкегибиз  гүлдөп өнүгө берсин!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                              Алмазбек Атамбаев

 

2013-жыл 28-сентябрь