Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Шайлоо системасынөркүндөтүү боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 2013-жылдын 23-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы алдында шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Жумушчу топтун отурумунда улуттук эксперттер шайлоочуларды идентификациялоонун биометриялык технологиялары тууралуу жана   Кыргызстандын территориясында  шайлоолорду  өткөрүүдө  машина окуй турган паспортторду колдонуу тууралуу презентация жасашты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты КДСП фракциясынын өкүлү Галина Скрипкина  2015-жылга белгиленген парламенттик шайлоолорго чейин 3,8 млн. биометриялык паспортторду жасоо мүмкүн эмес экендигин белгиледи. “Биз алдыбызга аткара албай турган милдеттерди койбошубуз керек. Биз кыска мөөнөттө өз күчүбүз менен аткара ала турган милдеттер, шайлоочуларды идентификациялоо туурасында кеп кылганыбыз оң”,- деди депутат.

Эксперт Роза Ашымбаеванын маалыматы боюнча  Кыргызстанда өзүбүздүн интеллектуалдык жана финансылык ресурстарыбызга таянып жарандарды идентификациялоонун биометриялык технологияларын ишке киргизүүгө болот. ”Биометриялык маалыматтарды калыптандыруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү бир жарым жылдан ашпайт, анын  болжолдуу наркы 3млн долларды түзөт. Ал бир ирет гана пайдаланылбайт. Система скелет сыяктуу, аны бардык кызыктар мамлекеттик  органдар пайдаланып, улам толуктап турса болот”, - деди Роза Ашимбаева.

Жумушчу топтун мүчөлөрү, анын төрагасы Данияр Нарымбаев биометриялык маалыматтарды берүү жана сактоо процессинин коопсуздугу тууралуу маселе көтөрүп, анын маанисине басым жасашты. Эксперттер  маалыматтын коопсуздугу  маалыматтар базасына жана  анын кодировкасына жетүү мүмкүнчүлүгү көп баскычтуу системалар жана аны берүүнүн өзгөчө шарттары менен камсыз болоорун ырасташты.

Президенттин Аппарат Жетекчиси Данияр Нарымбаев  биометриялык маалыматтар базасын калыптандыруунун мультипликативдик натыйжалуулугунун маанисин баса белгиледи. “ Системаны өз күчүбүз менен иштеп чыгып, ишке киргизгенибиз  абдан жакшы. Бирок бардык майда-барат маселелер чечилмейин, биз азырынча эксперттердин оптимизмин толугу менен тең бөлүшө албайбыз”,-деди жумушчу топтун төрагасы.

Андан соң жыйында Паспортторду персондоштуруу боюнча мамлекеттик борбордун кеңешчиси Аскат Койчиев  шайлоо процесстерин өткөрүүдө машина окуй турган паспортторду колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү  тууралуу маалымат берди. Анын пикири боюнча  биометриялык технологиянын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

Жумушчу топтун мүчөлөрү ошону менен бирге коомдук диалогго алып чыкчу тематикалык маселелерди талкуулап,  топчолордо  талкуулай турган 6 бөлүмчөнү  аныкташты. Алсак, секцияларда шайлоо округдарына, шайлоочулардын тизмелерине, добуш берүү жол-жоболоруна, шайлоодогу талаш-тартыштарга, шайлоочуларды эсепке алуунун Бирдиктүү системасын өркүндөтүүгө, ири партияларды калыптандырууга кызыктырууга багытталган ченемдерди иштеп чыгууга басым жасоо менен, саясый партиялар жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүгө тиешелүү маселелер каралмакчы. “Тажрыйба көрсөткөндөй, топтордо маселелер терең талкууланат”,- деп белгиледи Данияр Нарымбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси жумушчу топтун мүчөлөрүн ишти активдүү жүргүзүүгө чакырды. Иштелип чыккан сунуштар  ачык коомдук талкууга  чыгаарын, ошондой эле  2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөлөрүнө сунушталаарын белгиледи. “Бардык сунуштар иштелип чыгып, жалпылаштырылып, тиешелүү мөөнөттөрдө кабыл алынууга тийиш. Алар жыл бою  парламентке шайлоолорго чейин өзгөрүүсүз калууга, ал эми саясый партияларга  булар тууралуу өз учурунда маалымат жеткирилүүгө тийиш”,- деп  сөзүн жыйынтыктады Данияр Нарымбаев.

2013-жыл 23-сентябрь