Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелди Германиядагы шайлоолордо ХДСтин жеңиши менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 23-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев   Германиянын парламентине шайлоолордо Христиан- демократиялык союзунун жеңишине байланыштуу Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелге куттуктоо телеграммасын жолдоду.

Куттуктоо телеграммасында Алмазбек Атамбаев  Ангела Меркелди жана ХДС бардык мүчөлөрүн өткөн шайлоолордогу  ишенимдүү жеңиши менен куттуктады.

Кыргызстандын Президенти  ФРГнын Федералдык канцлери Ангела Меркелдин мындан аркы аракети  Германия Федеративдүү Республикасын өнүктүрүүгө гана эмес, жалпы Европа союзун дагы өнүктүрүүгө багытталаарына ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы  Кыргызстан Германия Федеративдүү Республикасы менен ар тараптуу  кызматташууну мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө даярдык экендигин жана бекем позициясын билдирип, Германиянын Федералдуу канцлерине ден соолук, мындан аркы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги германия элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2013-жыл 23-сентябрь