Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев НАТОнун Башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 17-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев НАТОнун Башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен НАТОнун ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

НАТОнун Башкы катчысы Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап, бул НАТОго анын алгачкы сапары экендигин белгиледи.

“Биздин кызматташуубуз тынчтык үчүн өнөктөштүк алкагында өтүп жатат. Келерки жылы эл аралык күчтөр Афганистандан чыгып кетишет, күчтөрдү башкаруу афган аскерлерине өткөрүлүп берилет. Биз коопсуз Афганистан – коопсуз регион деп эсептейбиз”, - деди НАТОнун Башкы катчысы.

“Биз Кыргызстандын НАТОнун менен кызматташуу маселелери боюнча  абдан жемиштүү пикир алмаштык. Биз терроризмге жана баңгитрафикке каршы күрөшүү максатында  кызматташууга зор маани беребиз”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

“Кыргызстан   “Манас” аэропортундагы  Транзиттик ташуулар борбору аркылуу Эл аралык күчтөргө көмөктөшүп жатат.  Биз өз милдетибизди толугу менен аткардык, 2014-жылдын 11-июлунда Транзиттик ташуулар борбору өз ишмердигин токтотот, анткени  Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы  макулдашуунун мөөнөтү аяктайт. “Манас” аэропортунда аскердик түзүмдөр болбойт, аэропорт жарандык хаб болот”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

“Мен өлкөнүн Президенти  жана ЖККУ төрагасы катары  келерки жылы Афганистандан коалициянын аскерлери чыгарылып жаткандыгына байланыштуу  регионалдык стабилдүүлүктү чыңдоо боюнча бир катар консультацияларды өткөрүүнү сунуштадым. 2013-жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөрүлө турган эл аралык конференцияга НАТОнун өкүлдөрү чакырылган”,- деди  Президент.

2013-жыл 17-сентябрь