Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 17-сентябрында, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

«Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Туулган күнүңүз менен чын дилимден куттуктайм!

Биздин эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу бир туугандык кызматташтыгыбыз мындан ары да элдерибиздин бакубаттуулугуна кызмат кыларына ишенем.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңизге ийгилик каалайм. Ал эми бир тууган кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүшүн каалайм.

Эң жакшы каалоолор менен,

Нурсултан Назарбаев».

2013-жыл 17-сентябрь