Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 17-сентябрында, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы  Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

«Президент мырза,

Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорду кабыл алыңыз.

Сиздин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкен убактан бери, Сиздердин өлкө саясий туруктуулук, экономикалык тынымсыз өнүгүү жана элдин жашоо-турмушунун оңолушуна жетише алды. Достук мамиледе болгон коңшу катары бул жетишкендиктерге чын жүрөктөн кубанып турам.

Менин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарымдын маалында биз Кытай жана Кыргызстандын мамилесинин  ар тараптуу өнүгүүсүнүн жаңы баскычына өтүүнү билдирген «Кытай Эл Республикасы жана Кыргыз Республикасынын стратегиялык шериктештик мамилелерин орнотуу жөнүндө биргелешкен декларацияга» кол койгонбуз. Мен КЭР жана КРдин ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүн алдыга жылдырууга Сиздин жеке салымыңызды жогору баалайм. Ортобуздагы жумуш боюнча жакшы мамилени жана достугубузду баалайм. Кытай-кыргыз мамилелеринин стратегиялык шериктештигинин тынымсыз өнүгүүсү үчүн Сиз менен биргеликте болгон күчүмдү жумшоого даярмын.

Бекем ден соолук жана ишиңизге ийгилик каалайм.

Достук мамиледеги Кыргызстандын гүлдөшүн, анын элине бакубат жашоону каалайм.

КЭР Төрагасы

Си Цзиньпин».

2013-жыл 17-сентябрь