Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө Макулдашууга кол коюлду

Бүгүн, 2013-жылдын 17-сентябрында, Брюсселде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө  «Кыргыз Республикасындагы мыйзамдын үстөмдүгүн ачык-айкындуулук жана отчеттуулукка өзгөчө басым жасоо менен алдыга жылдыруу» Макулдашуусуна кол коюлду.

Кыргыз тараптан Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов кол койду.

2013-жыл 17-сентябрь