Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбестандын Президенти Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 17-сентябрында, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам КаримовКыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

 «Урматуу Алмазбек Шаршенович,

Туулган күнүңүзгө байланыштуу  чын дилимден чыккан куттуктоолорду кабыл алыңыз.

Өлкөлөрүбүздүн ортосунда калыптанган жакшы коңшулаштык, урматтоо жана өз ара түшүнүшүү мамилелерин эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн андан ары ырааттуу өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун ишенимдүү негизи болооруна ишенем.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди каалайм.

Урматтоо менен,

Ислам Каримов,

Өзбекстан Республикасынын Президенти».

2013-жыл 17-сентябрь