Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө Европа инвестициялык банкы менен кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол коюлду

Бүгүн, 2013-жылдын 17-сентябрында, Брюсселде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Европа инвестициялык банкы менен кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол коюлду.

Кыргыз тараптан Макулдашууга кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду.

Расмий сапардын жүрүшүндө  Президент Алмазбек Атамбаевдин  Европа  парламентинин төрагасы Мартин Шульц, Европа кеңешинин  төрагасы Херман Ван Ромпей, Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэль Баррозу менен жолугушуусу пландаштырылууда. Мамлекет башчысы ошондой эле НАТОнун  Башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен менен дагы жолугушмакчы.

2013-жыл 17-сентябрь