Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте өтүп жаткан ШКУ Саммитинде жыйынтыктоочу документтерге кол коюлду

Бүгүн, 2013-жылдын 13-сентябрында, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:

- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Бишкектеги декларациясы.

- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы узак мөөнөттүү жакшы коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдарга иш-аракеттер Планын бекитүү жөнүндө чечими.

- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин өткөн жыл үчүн Шанхай кызматташтык уюмунун иши жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Докладын бекитүү жөнүндө чечими.

- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмүнүн 2012-жылдагы иши жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмүнүн Кеңешинин Докладын бекитүү жөнүндө чечими.

- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча маалыматтык билдирүү (кол коюлбастан кабыл алынат).

 

2013-жыл 13-сентябрь