Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу экономикалык маселелер чечилмейинче мүмкүн эмес”

Бүгүн, 2013-жылдын 13-сентябрында«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунда Саммиттин бардык катышуучулары чогуу сүрөткө түшкөн соң, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кеңейтилген курамдагы отуруму башталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өтүп жаткан жолугушууда бардык ШКУга мүчө-мамлекеттеринин жана байкоочу-мамлекеттердин делегациялары катышууда.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Саммиттин иши жемиштүү жана натыйжалуу болооруна ишенимин билдирди. Ал ошондой эле Тажикстан Республикасына жана Президент Эмомали Рахмонго алдыдагы ШКУда төрагалык кылуусуна ийгилик каалады.

Алмазбек Атамбаев белгилегендей, ШКУда төрагалык кылган убагында Кыргыз Республикасы өзүнүн алдына Уюмдун биринчи кезекте чечилүүчү маселелерин жана анын андан аркы өнүгүүсүн иш жүзүнө ашырууну максат катары койгон.

Мамлекет башчысы Уюм боюнча бардык өнөктөштөргө кыргыз тарапка төрагалык кылган учурундагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. “Уюмдун өткөн жыл ичинде аткарган ишинин негизги натыйжалары жана ШКУ мейкиндигинде жана жалпысынан бүт дүйнөдөгү кырдаал тууралуу айтып жатып, региондо жана бүт дүйнө жүзүндө абал татаал бойдон калып жатканын моюнга алуу керек. Жакынкы Чыгыштагы, өзгөчө Сирия, Түндүк Африкадагы кырдаалдын курчушу тынчсызданууну жаратууда. Кыргыз Республикасы ШКУ боюнча өнөктөрдүн позицияларын тең бөлүшөт жана бул региондогу тынчтыкка жана туруктуулукка саясий-дипломатиялык каражаттар аркылуу жетишүү керектигин колдойт”, - деди Кыргызстандын Президенти.

Ошону менен бирге, Алмазбек Атамбаев белгилегендей, региондогу коопсуздукту камсыздоо маселесинде бүгүнкү күнгө дейре Афганистан тараптан болуп жаткан коркунучтарды жоюу негизги фактор бойдон калууда. “Коопсуздукту камсыздоодо Эл аралык күчтөрдүн аскердик күчтөрүнүн кыйла кыскартуу өңүтүндө бул өлкөдөгү кырдаалдын өнүгүшү өзгөчө тынчсыздануу жаратууда”, - деди Президент.

Мамлекет башчысынын ишениминде, ШКУ Афганистанды калыбына келтирүүдө активдүү катышуусу керек.

Аталган көйгөй боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу максатында Алмазбек Атамбаев мамлекеттик түзүмдөрдүн жана Уюмга катышуучу-мамлекеттердин илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрүн Бишкекте 2013-жылдын 10-октябрында өткөрүү пландаштырылган Афганистан боюнча Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырды.

Алмазбек Атамбаев, ошондой эле Сириядагы жана анын тегерегиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануусун билдирди. “Кыргыз Республикасы көптөгөн курмандыктар, гуманитардык каатчылык жана саясий кризистин мындан аркы курчушуна байланыштуу кыйла тынсчыздануусун билдирүүдө. Буга байланыштуу, тараптарды токтоосуз ок атышууну токтотуп, кризисти БУУнун ортомчулугу менен бардык саясий күчтөрдүн сүйлөшүүсү аркылуу жөнгө салууга чакырабыз”, - деди Президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин аймагында аракеттенген уюшкан баңги уюмдардын көбөйүп, күч алып баратканына өзгөчө тынчсызданууну билдирди. “Буга байланыштуу баңги заттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз айлантууга каршы күрөштө кызматташуу тууралуу ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы Макулдашууну, ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн 2011-2016-жылдарга Баңги заттарга каршы стратегиясы жана аны аткаруу боюнча иш-аракеттер Планын иш жүзүнө ашыруу зарылдыгын абдан актуалдуу деп эсептейм”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын Президентинин пикиринде, Уюмдун мүчөлөрү ошондой эле терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу боюнча максаттуу жумуш аткарууну улантуу керек. “Ушул багыттарда кызматташтыктын ченемдик-укуктук базасын жакшыртуу маанилүү жана ошондой эле Пекиндеги ШКУнун Саммитинде бекитилген 2013-2015-жылдарга терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдөгү кызматташтык Программасын активдүү ишке ашыруу зарыл”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мындан тышкары, Президент белгилегендей, аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу экономикалык өнүгүү маселелери чечилмейинче мүмкүн эмес. “ШКУга мүчө-мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын ар тараптан тереңдетүү биздин Уюмдун эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн түпкү негиз болуп калышы керек. Ушундан улам, биз соода-экономикалык иш-аракет, транспорт, айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдарды жоюу, маданият жана билим-илим үчүн жооп берген министрликтердин жана ведомстволордун багыты боюнча биринчи кезекте турган долбоорлорду ишке ашырууну тез арада жасоо керек деп эсептейбиз. Менин оюмча, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышуу үчүн байкоочу-мамлекеттерди да активдүү тартуу керек. Бул, албетте, өлкөлөрдүн жана региондогу элдердин бакубаттыгын жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыздоого олуттуу салым кошот”, - деди Мамлекет башчысы.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин ар тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгынын Программасын сапаттуу ишке ашыруу максатында өткөн жылы Бишкек шаарында Өкмөт башчыларынын кеңеши тарабынан бекитилген 2012-2016-жылдарга долбоордук ишмердүүлүктү андан аркы өнүктүрүү боюнча Жол картасын ишке киргизүүнү активдештирүү маанилүү, - деп эсептейт Алмазбек Атамбаев. “Долбоордук иш-аракетти каржылык жактан коштоону камсыз кылуу кызыкчылыганда, биз ШКУнун Өнүктүрүү фондусун жана Өнүктүрүү банкын тез арада түзүүнү колдойбуз. Бул финансылык түзүмдөр биздин мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын өнүгүүсүнө  салымын кошоору калетсиз”, - деди Президент.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле өзгөчө белгилегендей, Кыргызстан автомобиль жана темир жолу инфраструктурасын жакшыртууга, транс континенттер аралык аба жолдорун түзүүгө стратегиялык маани берет. “Эки тараптуу негизде бир катар оң баштоолор бар. Биз транзитти либералдаштырууну колдоп жатабыз, бул деңиздеги соода портторуна түз чыга албаган Борбордук Азиянын көпчүлүк мамлекеттери үчүн кыйла маанилүү көйгөй болуп эсептелинет”, - деди Президент.

Бул жаатта биздин мамлекеттердин географиялык жайгашуусун эске алганда, Алмазбек Атамбаев биздин өлкөлөр ортосундагы автомобиль, темир жол жана аба инфрастурктурасынын транзиттик потенциалын кеңейтүүнү сунуштады. Анын ишениминде, бул үчүн бардык шарттар бар, бирок аларды кыйла натыйжалуу колдонуу керек.

“Учурда Борбордук-Азия регионунда суу-энергетикалык проблема негизги маселелерден болууда. Ийкемдүүлүк жана өз ара түшүнүүгө жетишүү, ошондой эле биздин мамлекеттердин саясий эркин билдирүү шартында биз бул маселе боюнча бир пикирге келебиз деп терең ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы, ошондой эле илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда, туризм жаатында достук жана кызматташтык мамилелерин бекемдөөгө түрткү болгон өз ара кызматташуунун маанисин белгилеп өттү.

Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев курчап турган чөйрөнү жана дүйнөдөгү био ар түрдүүлүктү коргоо максатында, үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Бишкекте Ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум өтө турганын маалымдады. Учурдан пайдаланып, Президент мамлекеттик түзүмдөрдүн жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн жаратылышты коргоо жалпы ишине арналган бул иш-чарага катышууга чакырды.

“Бүгүн биздин алдыбызда ШКУнун позициясын эл аралык аренада мындан аркы бекемдөө маселеси турат. Биз ШКУну эл аралык жана региондук башка түзүмдөр менен байланышын интенсификациялоого алган багытыбыз туура деп болголойм. Муну менен бирге ШКУга байкоочу-мамлекеттер, диалог боюнча өнөктөштөр менен да кызматташтыкты тереңдетүүнү жана диверсификациялоону маанилүү деп эсептейм. Шанхай кызматташтык уюму, эл аралык мамилелердин толук укуктуу субъекти катары ШКУ Хартиясында белгиленген максаттарды жана милдеттерди иш жүзүнө ашырууда ири потенциалга ээ”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Өз сөзүн жыйынтыктап жатып, Мамлекет башчысы Уюмдун келечеги кең экендигине бекем ишенимин билдирди.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевке сөз кезегин берди.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин Башчыларынын Кеңешинин кеңейтилген курамдагы отуруму уланууда.

2013-жыл 13-сентябрь