Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2013-жылдын 13-сентябрында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү отуруму болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өткөн жолугушууда Бишкекке келген ШКУга мүчө-мамлекеттеринин бардык делегациялары катышууда.

Өз сөзүндө Кыргызстан Президенти кесиптештери менен учурашуудан соң, Бишкектеги ШКУ Саммитинин жүрүшүндө Уюмдун алкагындагы кызматташуунун ар кандай жагдайлары боюнча маанилүү маселелер талкуулана турганын белгиледи. “Биздин бүгүнкү ишибиз жемиштүү жана натыйжалуу болот деген ишенимдемин”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары Саммиттин белгиленген күн тартибин, кол коюуга даярдалган иш кагаздардын тизмесин талкуулашты, ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кийинки отуруму кайда болоорун пландашты.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Тажикстан Республикасына жана Президент Эмомали Рахмонго ШКУдагы алдыдагы төрагалыгына ийгилик каалады.

2013-жыл 13-сентябрь