Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин Саммитинин XIII отуруму башталды

Бүгүн, 2013-жылдын 13-сентябрында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин Саммитинин XIII отуруму башталды.

ШКУга мүчө-мамлекетеринин Башчыларынын Саммитине Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон катышууда.

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө-мамлекетеринин Башчыларын Президент Алмазбек Атамбаев тосуп алды.

Биргелешкен сүрөткө түшүү иш-чарасынан кийин Мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү жолугушууга киришти.

 

2013-жыл 13-сентябрь