Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Бүгүн, 2013-жылдын 12-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекке Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышуу үчүн келген Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, эл аралык күн тартиби, ошондой эле глобалдуу саясый процесстер талкууланды.

Өз кезегинде, Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов, анын ою боюнча чоң окуя болгон ШКУ мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин Саммитин өткөрүүдө өлкөгө ийгиликтерди каалады.

2013-жыл 12-сентябрь