Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 12-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекке Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышуу үчүн келген Монголиянын   Президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап,  акыркы кезде активдешип жатканын ыраазычылык менен белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев Цахиагийн Элбэгдоржду кыргыз жергесине куш келипсиз деп кабыл алып, Монголиянын жогорку мамлекеттик кызматына шайланышы менен куттуктады. ”Сиздин атаандаштарыңыз минималдуу артыкчылык менен жеңишиңизди тааныгандыгы  өлкөдөгү саясый маданияттын жогору экендигин далилдеп турат. Биз шайлоо өткөрүүдөгү процесстин ачыктыгын камсыз кылган заманбап технологияларды колдонуу боюнча сиздердин тажрыйбаны үйрөнүүгө умтулуп жатабыз. Менин милдетим – Кыргызстанда бардык шайлоолорду ачык жана калыс өткөрүүгө жетишүү”,- деди  Алмазбек Атамбаев.   

Өз кезегинде Цахиагийн Элбэгдорж Алмазбек Атамбаевге   меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип,  эки өлкөнүн ортосунда мамилелерди  мындан ары өнүктүрүү маселелерин  талкуулоо үчүн  Кыргызстанга келгендигине кубанычта экендигин  белгиледи.

Тараптар ошону менен бирге Кыргызстандын менен Монголиянын экономиканын бир катар тармактарында  жана маданий-гуманитардык  чөйрөдөгү байланыштары тууралуу  пикир алмашышты.

2013-жыл 12-сентябрь