Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Афганистандын Президенти Хамид Карзай менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 12-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышуу үчүн келген Афганистан Ислам Республикасынын  Президенти Хамид Карзай менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  өлкөлөр ортосунда регионалдык коопсуздук жана соода-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев региондогу коопсуздук жана Афганистандагы жагдай Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Саммитинин күн тартибиндеги   негизги  маселелерден  болоорун белгиледи.

Афганистан Ислам Республикасы Шанхай кызматташуу уюмунун байкоочу-мамлекети.

2013-жыл 12-сентябрь