Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстандын Кытай менен мамилеси стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине өтүүдө”

Бүгүн, 2013-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен биринчи жолу келген Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен расмий сүйлөшүүлөрү жүрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы, ошондой эле саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жаатындагы кыргыз-кытай алака-катышын өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн келечектери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Алмазбек Атамбаев менен Цзиньпин пресса үчүн билдирүү жасашты.

“Биздин жолугушууларыбыздын башкы жыйынтыгы эки тараптуу мамилелердин деңгээлин стратегиялык өнөктөштүккө чейин көтөрүү жөнүндө чечим болду. Биз бул биздин жалпы таламдарга гана жооп берип жана эки өлкө менен элдерди биргелешип өнүктүрүү менен гүлдөп-өсүүсүнө өбөлгө түзбөстөн, ошондой эле регионалдык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо жана ошондой эле ааламдашуу көйгөйлөрү менен коркунучтарына каршы туруу ишине салым кошору менен макул болдук. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн учурунда өзгөчө көңүл соода-экономикалык өз ара катышка, Кыргызстандын экономикасына кытайлык ири инвестицияларды алып келүүгө бурулду. Эки өлкөнүн ортосундагы алака-катыштын деңгээлин жогорулатуу иш жүзүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн таасирдүү чараларды кабыл алуу боюнча жаңы милдеттенмелерди карары адилет белгиленди”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Бул жагдайда, Президент Алмазбек Атамбаев баса көрсөткөндөй, Кыргызстан КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин Улуу Жибек жолу биргелешкен экономикалык аймагын түзүү боюнча демилгесин толугу менен колдойт.

“Азыркы учурда тараптар “Кыргызстандын түштүгүндө электр өткөргүч линияларын модернизациялоо” долбоорун ийгиликтүү бүткөрүштү, бүгүн биз энергетика, транспорттук коммуникация, социалдык обьекттерди куруу жаатында ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууда жакшы натыйжаларга жетишкенибизди белгилей кетким келет. Бул долбоорлорду жүзөгө ашыруу Кыргызстан үчүн социалдык чоң мааниге ээ экендигин да белгилей кетүү зарыл. Бир эле учурда биз жаңы ири биргелешкен долбоорлорду баштоонун босогосунда турабыз. Биз ошондой эле коопсуздук жана “жамандыктын үч күчү” менен биргелешип күрөшүү жаатындагы өз ара мамилелердин маселелерин, регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелерди, ШКУ линиясы боюнча кызматташууну талкууладык. Бул маселелер өлкөлөрүбүздү өнүктүрүү үчүн кыйла деңгээлде шарттарды аныктайт”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы КЭРдин Төрагасынын Кыргызстанга мамлекеттик сапары, сөзсүз, биздин эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү тарыхында жаңы баракты ачкандыгын белгиледи. “Биз биздин эки тараптуу мамилелерибизде тарыхый окуялардын босогосунда турабыз. Биздин мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине өтүүдө”, - деп жыйынтыктады Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугун белгиледи.

“Биз жогорку түшүнүшүүгө жеттик. 21 жыл ичиндеги биздин кызматташтыгыбызды жалпыладык. Биз биздин өз ара мамилелерибизди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чейин көтөрүүнү чечтик. Бул биздин достук мамилелерибиздин тастыкталышы. Азыр эле документтердин чоң пакетине кол коюлду. Мен Жибек жолунун экономикалык тилкесин түзүү жөнүндө демилгени көтөрүп чыктым. Биргелешкен күч-аракеттер менен ал сөзсүз түзүлөт. Мен келечекте Улуу Жибек жолу жакшы натыйжа берерине ишенем”, - деп баса белгиледи Си Цзиньпин.

КЭРдин Төрагасы ошондой эле Кыргызстандын ШКУга төрагалыгын жогору баалады. “Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрага катары өз милдеттерин эң жогорку деңгээлде аткарып жатат”, - деп баса белгиледи Си Цзиньпин.

КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди КЭРге мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө расмий чакырды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев чакырууну кабыл алды.

 

2013-жыл 11-сентябрь