Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АӨБнын Директорлор кеңешинин делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 4-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азия өнүктүрүү банкынын аткаруучу директору Мишелин Окуэн жетектеген Директорлор кеңешинин делегациясын кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы мындан аркы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы делегация мүчөлөрүн жылуу кабыл алып, мындай деп белгиледи: “Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ар дайыма жардам берип келген жана жардам берип жатат. Биз сиздер менен 1994 жылдан бери иштешип жатабыз, ушул мезгилдин аралыгында 1 миллиард доллардан ашык суммага биргелешкен долбоорлор ишке ашырылды”.

Президент  ошондой эле Азия өнүктүрүү банкына 2010-жылдын июнь окуяларынан кийин көрсөткөн колдоосу  үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде АӨБнын аткаруучу директору колдоосун билдирип, Кыргызстанды 2013-2017 жылдарга Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

2013-жыл 4-сентябрь