Бүгүн, 2013-жылдын 16-августунда, Азербайжан Республикасынын Габала шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинин жыйынтык документтерине кол коюлду.
Уюмга катышуучу-мамлекеттердин башчылары III саммиттин декларациясына, ошондой эле ТМККнын Башкы катчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жөнүндө чечимге кол коюшту.