Бүгүн, 2013-жылдын 7-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысы Асанбек Алымкожоевди кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жана Асанбек Алымкожоев алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн реформалоонун өңүтүндө Улуттук гвардиянын алдында турган милдеттерди талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 24-июлундагы буйругу менен Асанбек Алымкожоев Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысы болуп дайындалган.