Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев швед саясат таануучусу, доктор Йохан Энгваллды кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 18-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев швед саясат таануучусу, “Мамлекет инвестициялык базар катары: Кыргызстандагы коррупцияга ой жүгүртүү» деген аталыштагы илимий эмгектин автору, доктор Йохан Энгваллды кабыл алды.

“Сиздин монографияңызда биздин өлкөдө коррупциянын келип чыгуу жагдайларына жана себептерине абдан терең анализ жасалган, коррупция кантип мамлекеттик башкаруу ыкмасы, ал эми мамлекеттик кызматтар кызыкдар адамдар тарабынан инвестициялоо объектиси болуп калгандыгы таамай, ишенимдүү көргөзүлгөн”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусундагы коррупциянын жашап турган тутумунун себептерин изилдөөдө жасаган зор иши үчүн доктор Энгваллга ыраазылык билдирди. 

Республикадагы коррупция менен күрөшүү жөнүндө айтып, Президент буга өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.  

“Коррупция менен күрөшүү Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын башкы багыттарынын бири болуп саналарын Сиз билесиз. Биз күзүндө бул күрөштүн экинчи этабын баштоого даярданып жатабыз, анда башкысы коррупцияга өбөлгө түзүүчү себептерди жок кылуу жана алдын алуу болот. Бул күрөш, Сиз өз эмгегиңизде жооп бергендей, жеңил болбойт. Бирок эгерде анын себептери белгилүү болсо, ар кандай жамандык, ар кандай оору менен күрөшүү кыйла жеңил. Ал эми Сиздин монографияңыз бул жерде көп нерсени айкындайт”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Йохан Энгвалл мындай деп белгиледи: “Мамлекет инвестициялык базар катары: Кыргызстандагы коррупцияга ой жүгүртүү» деген китебим менин Кыргызстандагы саясат, мамлекеттик курулуш жаатындагы акыркы 8 жыл ичиндеги изилдөөлөрүмдүн натыйжалары болуп саналат. Иш мурдагы Президенттер Акаев менен Бакиевдин учурунда коррупция кантип башкаруу методу болуп калгандыгына басым жасайт”.

Маалымат үчүн: Саясат таануучу, доктор Йохан Энгвалл - Уппсаль университетине караштуу Россиялык жана евразиялык изилдөөлөр борборунун, ошондой эле Борбор Азия жана Кавказ институтунун жана “Жибек Жолу” программасынын, Джонс Хопкинс (Вашингтон, АКШ) университетине караштуу жана Стокгольм коопсуздук жана өнүгүү саясаты институтунун (ISDP) биргелешкен изилдөө жана кеңеш берүү борборунун кызматкери.

2013-жыл 18-июль