Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Шайлоолордо добуш берүүнү жана добуштарды эсептөө, шайлоочуларды идентификациялоо жана каттоо процесстерин камсыз кылуучу жабдуулардын жана маалымат тутумдарынын таанытымы жүрүп жатат

Бүгүн, 2013-жылдын 18-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы алдында шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун үчүнчү отуруму өтүүдө.

Жумушчу топтун отурумунда шайлоолордо добуш берүүнү жана добуштарды эсептөө, шайлоочуларды идентификациялоо жана каттоо процесстерин камсыз кылуучу жабдуулардын жана маалымат тутумдарынын таанытымы жүрүп жатат.

Отрумду ачып жатып, Президенттин Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев бүгүнкү отурумдун максаты жумушчу топтун мүчөлөрүнө шайлоо процесстерин оптималдаштыруунун дүйнөдө жетишерлик кеңири колдонулган технологияларын жана тутумдарын “чыгарган ээлеринен” тааныштыруу экендигин белгиледи.

“Сиздердин көңүлүңүздөргө жабдууларды жана технологияларды аларды түзгөндөр жана негизги даярдоочулар өздөрү сунушташмакчы”, - деп айтты Данияр Нарымбаев.

Данияр Нарымбаев убакыт жана күч таап, өз өлкөлөрүнөн (АКШ, Испания) узак жол басып, Кыргызстанга келишкен жана шайлоо процесстерин техникалык жабдуу жаатында өз иштемдерин көрсөтүүгө даяр турушкан «Bellwether Forum», «Smartmatic» жана «Scytl» компанияларынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Президенттин Аппаратынын жетекчиси жумушчу топко шайлоо процессин техникалык модернизациялоонун оптималдуу үлгүлөрүн издөөдө кесипкөй көмөк көрсөтүүгө умтулуулары үчүн улуттук өнөктөргө – «Инфосистема», «Инфоком» мамлекеттик ишканаларына, «Криптоцентр» ЖЧКсына ыраазылык билдирди.

“Жабдууларды жана тутумдарды демонстрациялоо жумушчу топтун мүчөлөрүнө бүткүл шайлоо циклин биздин мыйзамдардын жана салттарыбыздын контекстинде таамай элестетүүгө жана буларды эске алуу менен Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке өз сунуштарын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет”, - деп белгиледи Данияр Нарымбаев.

Данияр Нарымбаев бүгүнкү таанытымдар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы “Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын 5-пунктуна ылайык БШК өткөрө турган жарманке эмес, андай жарманкенин алдындагы иш экендигин өзгөчө белгиледи.

“БШК жарманкенин жыйынтыгы боюнча жумушчу тобуна артыкчылык берилип жаткан жабдуулар жана тутумдар боюнча өз сунуштарын бере турган болгон соң, биз жумушчу топтун мүчөлөрү мындай жабдуулар жана тутумдар жөнүндө алдын ала түшүнүп, билип алсын дедик”, - деп басабелгиледи Данияр Нарымбаев.
Отурумда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын, саясий партиялардын, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышууда.
Жумушчу тобунун отуруму уланууда.

 

2013-жыл 18-июль