Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 18-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министри Президентке 2013-жылдын 13-июлунда Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин (ШКУ ТИМК) отурумунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Эрлан Абдылдаев Президентке Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Инин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыктары жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын жана быйыл сентябрда өтө турган Бишкек саммитине даярдыктын алкактарында тиешелүү тапшырмаларды берди.

 

2013-жыл 18-июль